Слайд 2 Лекциянын планы
1. КРнын жарандык коргонуу системасы.
2. Жарандык коргонуунун уюштуруу жана жүргүзүү принциптери,
структурасы, күчү жана кызматтары
3. Жарандык коргонууну билим берүү мекемелеринде уюштуруу
4. Өзгөчө кырдаалдар жана анын жалпы классификациясы
Слайд 3Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы №239 20.07.2009-жылы кабыл алынган. Бул мыйзамда
негизги түшүнүктөргө аныктама берилип, калкты жаратылыш жана техногендик кырсыктардан коргоонун нормалары, укуктары жана милдеттери, Президент, Өкмөт, министрликтер, аткаруучу жана өзүн-өзү башкаруу бийликтеринин укук жана милдеттери, жарандардын өзгөчө кырдаал учурунда укук жана милдеттери ж.б. аныкталган.
Слайд 4Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Жашоодогу көнүмүш же нормадагы абалдардын бардык өзгөрүүлөрүн өзгөчө кырдаалдар
деп атоого болот.
Өзгөчө кырдаал – бул адам өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч жараткан, зыян келтирген, жоготууга алып келген жаратылыш же техногендик кырсыктардын негизинде түзүлгөн аймактагы абал.
Экстремалдык кырдаал – бул нормадан четтеген көрүнүш же процесс.
Авария – бул техногендик (өндүрүштүк, конструктивдик, технологиялык же эксплуатациялык) мүнөздөгү техникалык түзүлүштөрдүн, имараттардын иштен чыгуусу, бузулуусу же экстремалдык кырдаал.
Слайд 5Катастрофа – жаратылыш кырсыктарынын же адамдын иш-аракетинин негизинде атуулдардын өлүмгө дуушар болуусу же
жаракат алуусу, айлана-чөйрөнүн абалынын (экология) жана калктын жашоо шартынын бузулуусу, чарбалык жана материалдык баалуулуктардын зыян тартуусуна кабылган абалды айтууга болот.
Стихиялык кырсык (табийгый кырсык) – жаратылыш кубулуштарынын кесепетинен түзүлгөн катастрофа абалы.
Слайд 6Өзгөчө кырдаалдарынын классификациясы(группаларга бөлүнүшү):
Бардык өзгөчө кырдаалдарды төмөнкү 3 принцип боюнча бөлүүгө болот:
ӨК
таркалуу масштабы боюнча;
ӨК өсүү темпи боюнча;
ӨК жаралуу жаратылышы боюнча.
Слайд 71.Өзгөчө кырдаалдын таркалуу масштабы боюнча бөлүнүүсү.
Өзгөчө кырдаалдын таркалуу масштабын аныктоодо ӨК абалына
кабылган аймакты гана эске албастан, анын кесепетинин түз таасири, уюштуруу, экономикалык, социалдык ж.б. байланыштардын бузулуусун, ошондой эле анын кесепетинин оордугу да эске алынат.
А) Чектелген (локалдык) ӨК – кайсы бир аймак, бөлүк же батирдин чегинен чыкпайт. ӨК кесепетинен 10 дон көп эмес адам жабыркап, 100 дөн көп эмес адамдардын жашоо шарты бузулат. Бул учурдагы материалдык чыгым 1000 минималдык эмгек акыдан көп эмес өлчөмдү түзөт.
Эгерде ӨК кайсы бир өндүрүш же чарбалык обөектинин аймагын камтып, аны калыбына келтирүү өз күчү жана каражаттары менен аткарылса, анда ал объекттик деп аталат.
Слайд 8
Б) Жергиликтүү ӨК деп кырсыктын кесепети жашоо түйүнү, шаар (район), область, республика чегинде болуп,
аны жоюуга өз күчү жана каржаттары жетишет. ӨК бул түрүндө 10-50 адам жабыркайт, 100-300 адамдын жашоо шарты бузулат жана 1 ден 5 миңге чейинки минималдык эмгек акыдан көп эмес өлчөмдөгү материалдык зыянга учурайт.
В) Аймактык ӨК – Республиканын бир канча областын камтып, 50-500 адам жабыркаган, 500-1000 адамдын жашоо шарты бузулуган, 5 миңден 5 миллионго чейинки минималдык эмгек акыдан көп эмес өлчөмдү түзгөн экономикалык зыянга учураган кырсыкты айтууга болот.
Слайд 9Г) Мамлекеттик деңгээлдеги ӨК – бул учурда өзгөчө кырдаал республиканын көптөгөн аймагына таркайт, бирок
Республиканын чегинен чыкпайт. ӨК кесепетин жоюу үчүн бардык күч жана каражаттарды колдонуп, көбүнчө чет элдик жардамдарга да муктаж болушат. Бул учурда 500 дөн көп адам жаракат алат, 1000ден көп адамдын жашоо шарты бузулат, 5 млн. минималдык эмгек акыдан көп өлчөмдө экономикалык зыян келтирилет.
Д) Глобалдык (дүйнөлүк) өзгөчө кырдаал республиканын чегинен чыгып, башка өлкөлөргө таркайт. Кырсыктын кесепетин жоюуга эл аралык жана чет өлкөлүк күч жана каражаттар катышат
Слайд 10Өзгөчө кырдаалдар өсүү темпи боюнча төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
күтүүсүз пайда болгон ӨК : жарылуулар,
транспоттук авариялар,жер титирөө ж.б.
ылдам өсүүчү ӨК : өрт, газ сыяктуу күчтүү таасири бар уулуу заттар, сел ж.б.
мелүүн өсүүчү өзгөчө кырдаал : радиоактивдик заттардын бөлүнүп чыгуусу, вулкандардын жарылуусу, коммуналдык системадагы авариялар ж.б.
жай өсүүчү ӨК : кургакчылык, эпидемия, тазалоочу имараттардагы авариялар, экологиялык өзгөрүүлөр. Жай өсүүчү өзгөчө кырдаалдар көптөгөн айлар же жылдарга созулат, мисалы, Арал көлүндөгү абалды алууга болот.
Слайд 113. Өзгөчө кырдаалдын жаралуу жаратылышы боюнча бөлүнүүсү.
Жаралуу жаратылышына жараша ӨК төмөнкүдөй бөлүнөт:
I.
Табийгый мүнөздөгү же жаратылыш кырсыктары:
геофизикалык коркунучтуу кубулуштар (жер титирөө, вулкандардын жарылуусу);
геологиялык коркунучтуу кырсыктар (көчкү, сел агындары, чаңдуу бороон,уроо);
метеорологиялык жана агрометеорологиялык кубулуштар (бороон, куюн, смерч, торнадо, туман, мөндүр, кар же жамгырдын көп жаашы, күндүн катуу ысышы, кургакчылык, өрт) ж.б.;
гидрологиялык кубулуштар (тайфун, цунами ж.б.);
жаратылыш өрттөрү (токой, торф, жер астындагы күйүүчү заттар) ж.б.
Слайд 12II. Техногендик мүнөздөгү кырсыктар:
транспорттук (аба, темир жол) авария жана катастрофалар;
өрт, жарылуулар, өрт коркунучу;
радиоактивдик
заттарды бөлүп чыгуу коркунучу бар авариялар;
химиялык заттарды бөлүп чыгуу коркунучу бар авариялар;
биологиялык (бактериялык) коркунучу бар авариялар;
күтүүсүз имарат же курулуштардын бузулуулары ж.б.;
коммуналдык жана энергетикалык системалардын авариясы;
техногендик жер титирөө;
гидродинамикалык авариялар (дамба же суу сактагычтардын жарылуусу).
Слайд 13III. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар:
атмосферанын курамы жана касиетинин өзгөрүлүүсү (аба-ырайынын кескин өзгөрүлүүсү, шаарлардын
“кычкылтек” ачкачылыгы, зыяндуу заттардын жана ызы-чуунун нормадан ашыкча деңгээли);
жер кыртышынын өзгөрүлүүсү;
топуракта оор металлдардын же башка зыяндуу заттардын пайда болуусу;
жер кен-байлыктарынын кризистик абалы ж.б.;
гидросферанын (суу чөйрө) өзгөрүлүүсү (ичүүчү, таза жана тиричилик сууларынын азайуусу).
Слайд 14IV. Биологиялык – социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар :
адамдардын арасында массалык жугуштуу оорулардын пайда болуусу
(эпидемия, пандемия, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар);
жаныбарлар арасында массалык жугуштуу оорунун таркалуусу (эпизоотии, панзоотии);
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн массалык зыянкечтерге кабылуусу (эпифитотия).
V. Конфликттүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар:
· согуш, граждандык, улуттук жана диний конфликттер;
экстремисттик аракеттер, терроризм;
социалдык жарылуулар;
· кылмыштуу топтордун күчөөсү, мафия жана тоң масштабдуу коррупция, ж.б.
Слайд 15Өзгөчө кырдаалдарда калктын коопсуздугун камсыздоонун негизги
принциптери жана ыкмалары
Өзгөчө кырдаалдар учурунда калктын коопсуздугун
камсыздоонун негизги иш-чараларына төмөнкүлөр кирет: өзгөчө кырдаалдардын болжолдуу кесепетин балоо жана божомолдоо (прогноздоо), өзгөчө кырдаал абалына дуушар кылуусу мүмкүн болгон же аны төмөндөтүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын кесепетин төмөндөтүү. Андан сырткары калкты өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турумга (иш-аракетине) жана эффективдүү коргонуу ыкмаларын иштеп чыгууга окутуп үйрөтүү өтө маанилүү.
Слайд 16Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо – стихиялык кырсык, авария жана катастрофа негизинде пайда болуучу абалды
чамалап аныктоо жана балоо ыкмасы. Божомолдоо көп мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү деп бөлүнөт.
Узак мөөнөттүү божомолдоого төмөнкүлөр кирет:
- сейсмикалык райондорду, сел агындары жана көчкү жүрүүчү аймактарды;
- дамбалардын авариясында же жаратылыш суу каптоолоруна кабылуучу зоналарды;
- техногендик аварияларда жабыркоого учуроочу чек араларды аныктоо жана изилдөөгө багытталган.
Кыска мөнөттүү божомолдоо өзгөчө кырдаал жаралган убакытты аныктоо үчүн колдонулат.
Өзгөчө кырдаалдардан калкты коргоо ыкмалары:
- эвакуация (калкты көчүрүү);
- калкты коргонуучу имараттарга (убежища) жашыруу;
- жекече коргонуу каражаттарын колдонуу.
Слайд 17Жарандык (Граждандык) коргонуу жана анын милдеттери.
Жарандык (Граждандык) коргонуу (ГК) - өлкөнүн коргонуу жана
улуттук коопсуздугунун негизги бөлүгү болуп, тынчтык күндөрдө же согуш учурунда калкты, аймакты, чарбалык обьектелерди өзгөчө кырдаал, авария, катастрофадан жана массалык жабыркалантуучу куралдардын жабыркатуучу таасиринен коргоого, ошондой эле кырсык болгон жерлерди калыбына келтирүү иш-аракеттерин аткарууга багытталган система.
Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамында Жарандык коргонуу системасына төмөнкү негизги милдеттер жүктөлгөн:
· калкты тынчтык жана согуш мезгилдеринде пайда болуучу коркунучтардан коргоо;
· калкты тынчтык жана согуш учурларында пайда болуучу коркунучтардан коргонуу ыкмаларына окутуп үйрөтүү;
· калкты жекече коргонуу каражаттары жана жашына турган жай менен камсыздоо;
Слайд 18· айыл-чарба жаныбарларын, өсүмдүктөрдү, тамак-аштарды, сууларды ж.б. системаларды пайда болгон коркунучтардан коргоо;
·
кыйроону калыбына келтирүү иш-чараларды аткаруу;
· өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көргөзүү;
· бул мезгилде пайда болгон өрт кырсыктары менен күрөшүү;
· калкты, материалдык жана маданий байлыктарды коопсуз районго көчүрүү;
· радиоактивдик, химиялык жана биологиялык заттар менен ууланган жерлерди аныктоо жана белгилөө;
өлүктөрдү өз убагында көмүү;
· ГК күчтөрү жана каражаттарынын дайыма даярдыгын камсыздоо;
· жарык жана башка түр чалгытуучу (билинбес же байкалбас кылуу) иш- аракеттерди жүргүзүү ж.б.
Слайд 19Жарандык коргонуунунун структурасы
Жарандык коргонуу республиканын бардык аймактарында район, эл жашоочу түйүндөр, өндүрүш,
мекеме жана ишканалардын өзгөчөлүктөрүн эс алуу менен аймактык-өндүрүштүк принципте уюштурулат.
Аймактык принцип – жарандык коргонууну республиканын аймагындагы административдик бөлүнүүгө ылайык область, шаар, район, айыл өкмөтү деңгээлинде уюштуруу.
Өндүрүштүк принцип – жарандык коргонууну ар бир министрликте, мекеме-ишканаларда, обьекттерде уюштуруу.
Жарандык коргонуунунун структурасына төмөнкү негизги бөлүктөр кирет:
башкаруу кызматы;
ГКнын штабы;
көчүрүү комиссиясы;
жарандык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары;
жарандык коргонуунун кызматтары;
Слайд 201. Башкаруу кызматы – бардык даражадагы ГКнын башчылары кирет. Ал ГК абалына жана бардык
жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге жоптуу. ГК түзүлүштөрүнүн иштерин ал жекече жана ГК штабы аркылуу башкарат.
2. ГК штабы – башкаруу органы болуп, бардык аткарылуучу иштерди уюштурат жана өз ишин ГК башчысынын, областтык, шаардык жарандык коргонуу штабдарынын чечимдеринин негизинде түзөт.
3. Көчүрүү комиссиясы: Өзгөчө кырдаал учурунда калкты, кызматкерлерди көчүрүү, жайгаштыруу иштерин аткарат.
Слайд 214. ГК күчтөрү жана каражаттарына жарандык коргонуунун армиясы, ӨКМ куткаруу кызматы, аскердик жана аскердик
эмес өрткө каршы кызматтар, авариялык – куткаруучу кызматтар, жарандык коргонуунун медициналык кызматынын мекеме жана түзүмдөрү (уюмдары), өсүмдүктөрдү коргоо жана ветеринардык кызматтын түзүмдөрү, ГКнун аймактык, жергиликтүү жана өндүрүштүк түзүмдөрү, республиканын атайын даярдалган Куралдуу күчтөрү жана каражаттары кирет.
ГК күчүнүн негизги милдети коргоо иштерин жана стихиялык кырсык, авария, катастрофа болгон жерлерде куткаруу жана башка иштерди аткарууга арналган.
ЖК аскердик бөлүгү куткаруу жана башка иштердин өтө кыйын участкаларында иштөөгө арналган. Булар куткаруучу борборлор, куткаруучу жана окутуучу бригадалар, атайын түзүлгөн полк, вертолет отряддары жана кээ бир түзүлүштөр. Бул бөлүктү Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги башкарат.
Слайд 22ГК негизги күчтөрүн аскердик эмес, штаттан тышкаркы авариялык-куткаруучу түзүлүштөр түзүп, алар ишкана, мекемелердин жана
потенциалдык коркунучтагы обьектилердин жумушчу жана кызматкерлеринен куралат. Бул түзүлүштөр калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоо үчүн керектүү болгон каражаттар, атайын техникалар менен жабдылат. Аскердик эмес түзүлүштө иштөөгө 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектер, 18-55 жашка чейинки аялдар тартылат. Бул түзүлүшкө кош бойлуу жана 8 жашка чейинки баласы бар аялдар, 3 жашка чейинки баласы бар орто жана жогорку медициналык билими бар аялдар, ошондой эле I-П топтогу майыптар тартылбайт.
Слайд 23Жарандык коргонуунун түзүмдөрү төмөнкү түрдө түзүлөт:
отряд (200-400 адам), команда (50-150 адам), группа
(15-40 адам) и звено (3-10 адам). Жарандык коргонуу түзүмүнө муктаждыкты аныктоонун негизине обьекттин жумушчуларынын жалпы саны алынат. Мисалы, 500 гө чейин жумушчу эмгектенген ишканада бир эле куткаруучу түзүм түзүлөт; 500дон 3000 –группа; 3000-5000 – бир команда; 5000-8000 – эки команда; 8000-15000 – бир отряд түзүлөт.
Слайд 24Куткаруучу команда – обьекттерде түзүлүп, куткаруучу иштерди аткарууга багытталган. Команданын курамында 25 адамдан
турган үч группа жана бир сандружина бар. Бир сандружинада 4 адамдан турган 6 звено болуп жалпы 24 адам турат. Демек, бир куткаруучу командада -105 адам, 1 автоунаа, 1 мотоцикл болот. Команда 10 сааттын ичинде кыйраган имараттардын астында калган 1000 адамды куткарып, аларга биринчи медициналык жардам көргөзө алат.
. ГК кызматтары : авариялык-куткаруучу түзүлүштүн көпчүлүк бөлүгүн талапка жооп берүүчү заманбап техникалар менен жабдылган жана өздүк курамы жогорку деңгээлдеги адистерден турган, атайын иш-чараларды аткаруу үчүн даярдалган жарандык коргонуунун куткаруу кызматы түзөт. Ишкана жетекчиси өз буйругунун негизинде кызматтардын башчысын дайындайт.
Слайд 25Байланыш жана маалымдоо кызматы ишкананын байланыш түйүн базасында түзүлүп, өзгөчө кырдаал коркунучу тууралуу
ишкананын башчыларын, кызматкерлерин жана ишкана айланасында жашаган калкты өз учурунда маалымдоо жана байланыш иштерин уюштуруу милдети жүктөлөт.
Медициналык кызмат ишкананын медициналык бөлүгүнүн (поликлиника, здравпункт) базасында уюштурулуп, жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көргөзүү жана дарылоо мекемелерине эвакуациялоо, ишкананын жумушчулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүү жана жайгаштыруучу жайларда медициналык кызматтарды көрсөтүү.
Слайд 26Жарандык коргонуунун медициналык кызматынын өндүрүштүк түзүмдөрүнө санитардык пост жана санитардык дружиналар кирип, алар өнөр-жай ишканаларында,
мекемелерде, айыл-чарбасында, жогорку жана орто окуу жайларында түзүлөт. Алардын курамына медициналык билими бар адистер, медициналык институт жана колледждердин студенттери кирбейт. Булар согушка катышуу үчүн эмес уюшулган медициналык түзүмдөр деп саналат.
Санитардык пост (СП) - 4 адамдан: посттун башчысынан жана 3 санитардык дружинниктерден турат.
Санитардык дружина (СД) – курамы 24 адамдан турат. СД өндүрүш жана ишкана - мекемелерде түзүлүп, төмөнкү табелдик жабдуулар менен камсыздалат: санитардык сумка (ар бир дружинникте), өздүк коргоонуу каражаттары (АИ-2, өздүк коргонуунун медициналык каражаты), санитардык замбил, санитардык лямка, суу үчүн фляга, противогаздар, респиратор, коргоочу кийимдер, жекече дозиметрлердин комплектиси, шак-шактар, колго тагуучу Кызыл Крест белгиси. Санитардык сумкада 10-12 жарадарга жана оорулууга жете турган медициналык каражаттар бар.
Слайд 27СП жана СД – медициналык кызматтын массалык түзүмдөрү болуп, жарандык коргонуу иштери боюнча штабдын планы боюнча
түзүлөт жана өзгөчө кырдаалдар жана стихиялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштерине тартылат. СП, СД түзүү жана керектүү каражаттар менен жабдуу иштерине ишкананын жооптуу жетекчилери Кызыл Крест коому менен биргеликте жооптуу болсо, алардын медициналык даярдыгына саламаттыкты сактоо мекемелери жооптуу болушат.