Алманбеттин Манаска келиши
№2 Алманбет – 28 жаштагы баатыр, боорукер адам. Боорукердик сапаты ызгыч кушту жарадар кылып, сүйлөшүп жаткан жеринде көрүнөт: Тийбегин десем, болбодуң? Титиреп жолум тородуң. Тийгенден кана оңгонуң? Сенден бетер мен дагы, Ажалга байлап башымды, Алымды билбей оңбодум. Калбасын жетим балдарың, Бейкүнөө жанга тийбей жүр, Канатыңды оңдоюн. №3 Манас абдан акылдуу, адамдын жан-дүйнөсүн сезе билген, жакындарына акылды айта билген нускалуу адам болгон. Баатырдын мындай сапаты Алманбетти тосууда көрүнөт: Аздырбай алып калыштын, Акылын ойло баатырлар! Айрылып калып Көкчөдөй, Арманда болуп бөксөрбөй, Жергеңде жүрсө жектебей, Окус жаман иш кылса, Осол көрүп кектебей, Чоголдук кылса көтөрүп, Кейишке салса кечирип, Бүлүндүрсө былк этпей Түтөөрдүн камын кылыңар!