Калыгул Бай Уулу
Өмүр баяны Калыгул Бай уулу - кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын өкүлдөрүнүн бири. Калыгулдун өмүр жолу, чыгармалары жөнүндө так маалыматтар аз. Октябрь революциясына чейин Калыгулдун мурастары эл арасында оозеки айтылып келген. Совет доорунун биринчи жылдарында анын чыгармалары аздап жыйнала баштаган, илимий жактан изилденип, мектептерде жана педагогикалык институтта окутулуп келген. Бирок совет мезгилинин, айрыкча 1947жылдан анын чыгармачылыгы реакциячыл деген жалаа менен катуу сынга алынган. Кызыктуу фактылар Туулган жылы, жери. Өтө так маалымат болбогону менен олуянын туулган жылы 1785-жыл, туулган жери Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кара-Ой, Сары-Ой айылы деп жүрөт. Айрым маалыматтарда (Шаршенбек Үмөталиев, Ыбрай Абдырахманов) Кочкор өрөөнүндө туулгандыгы айтылат. Сырткы көрүнүшү, адаттары. Оң бетинде калы болгон, ошол үчүн да элдик ишенимдер боюнча ысымын Калыгул коюшкан деп жоромолдоого мүмкүн. «Кара кашка ныпчанын сыртынан боз төө чепкен», «башына кештелүү ак калпак», «багалегине басма менен сайдырган сары жаргак шым», «бутуна көк жеке» кийип жүргөн учуру эскерилген. Сөз баштаарда оң ийинин «ыраспы, ыя» дегендей каранып алып, бирөө менен сүйлөшкөндөй, көбүнчө көзүн ачып-жумуп, «ой, журтум» дегендей кайрылуу менен, угуп тургандардын көңүлүн бурдуруу менен андан ары кебин уланткан. Макалдатып сүйлөгөн, насаат сөзү көп айтылган. Эл аны «Калекем» деп урмат менен мамиле кылган. Атына «бий», «акылман», «олуя», «баатыр» деген эпитеттер кошулуп айтылган.