Калыгул Бай Уулу

Слайд 2

Өмүр баяны

Калыгул Бай уулу - кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу акын;

Өмүр баяны Калыгул Бай уулу - кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу
«Замана» агымынын өкүлдөрүнүн бири. Калыгулдун өмүр жолу, чыгармалары жөнүндө так маалыматтар аз. Октябрь революциясына чейин Калыгулдун мурастары эл арасында оозеки айтылып келген. Совет доорунун биринчи жылдарында анын чыгармалары аздап жыйнала баштаган, илимий жактан изилденип, мектептерде жана педагогикалык институтта окутулуп келген. Бирок совет мезгилинин, айрыкча 1947жылдан анын чыгармачылыгы реакциячыл деген жалаа менен катуу сынга алынган.

Слайд 3

Кызыктуу фактылар

Туулган жылы, жери. Өтө так маалымат болбогону менен олуянын туулган жылы

Кызыктуу фактылар Туулган жылы, жери. Өтө так маалымат болбогону менен олуянын туулган
1785-жыл, туулган жери Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кара-Ой, Сары-Ой айылы деп жүрөт. Айрым маалыматтарда (Шаршенбек Үмөталиев, Ыбрай Абдырахманов) Кочкор өрөөнүндө туулгандыгы айтылат.
Сырткы көрүнүшү, адаттары. Оң бетинде калы болгон, ошол үчүн да элдик ишенимдер боюнча ысымын Калыгул коюшкан деп жоромолдоого мүмкүн. «Кара кашка ныпчанын сыртынан боз төө чепкен», «башына кештелүү ак калпак», «багалегине басма менен сайдырган сары жаргак шым», «бутуна көк жеке» кийип жүргөн учуру эскерилген. Сөз баштаарда оң ийинин «ыраспы, ыя» дегендей каранып алып, бирөө менен сүйлөшкөндөй, көбүнчө көзүн ачып-жумуп, «ой, журтум» дегендей кайрылуу менен, угуп тургандардын көңүлүн бурдуруу менен андан ары кебин уланткан. Макалдатып сүйлөгөн, насаат сөзү көп айтылган. Эл аны «Калекем» деп урмат менен мамиле кылган. Атына «бий», «акылман», «олуя», «баатыр» деген эпитеттер кошулуп айтылган.

Слайд 4

Анын чыгармаларынын тарыхы

Калыгулдун масел сөздөрү. Калыгул нускоочу акын болгондуктан, анын ойлору турмуш-тиричилик

Анын чыгармаларынын тарыхы Калыгулдун масел сөздөрү. Калыгул нускоочу акын болгондуктан, анын ойлору
жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом, замана, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштери, рухий дүйнөгө кире турган өзгөрүүлөр сыяктуу социалдык курч маселелерге багытталган. Анын «Акыр заманында» («Масел сөздөрүндө») кыргыз коомунун келечек тагдыры тууралуу ой жүгүртүлөт. «Акыр заман» — маселдердин, накыл сөздөрдүн жыйындысын түзүп, бир мазмунга, бир бүтүн композициялык түзүлүшкө ээ эмес, уйкаштыгына караганда накыл сөзгө көбүрөөк жакын. Олуя акын кыргыз коомчулугунун келечек тагдыры, адеп-ахлагы, социалдык өзгөрүүлөр жөнүндө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн. Калыгул өз учурундагы көчмөн кыргыз коомунда үстөмдүк кылган патриархалдык нарк-насил, адат-салттын ыдыроо алдында тургандыгын билген, келечекте анын социалдык маңызында, адамдардын кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр болорун туура баамдаган

Слайд 5

Анын чыгармалары

«Калыгулдун сөзү» деген чыгармасы.
Бул чыгарма акындын көрөгөчтүгүн, олуя-даанышмандыгын тастыктоого толук негиз

Анын чыгармалары «Калыгулдун сөзү» деген чыгармасы. Бул чыгарма акындын көрөгөчтүгүн, олуя-даанышмандыгын тастыктоого
берет. Кыргыз жерине орустар келе электе чыккан ыр. Бирок ал ошолордун келишин билген, сезген сыяктанат. Падышалык Россияга кыргыздардын кошулушу менен коомдук-саясий турмуш, элдин көз карашы, диний түшүнүктөр, адептик-этикалык эреже-нормалар, социалдык абалдар ж.б. көрүнүштөр өзгөрө турганын мындай айтат:

Слайд 6

Калыгул бай уулу

Уй пул болор, Кул бий болор. Тоо токол болор, Талаа токой болор. Токол байбиче

Калыгул бай уулу Уй пул болор, Кул бий болор. Тоо токол болор,
болор. Аяк адам баш болор, Баш адамдар пас болор, Ушундай кызык иш болор. Тегиз жерден тегирмен чыгаар, Тексиз жерден бий чыгаар. Алка жака салынган кийим чыгаар, Акча кагаз пул болуп, тыйын чыгаар. Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар. Атасынан баласы кыйын чыгаар. Этеги жок чапан чыгаар. Эң кийинки баласы тапан чыгаар. Эри менен тартышса «Элде эркек көп» деген аял чыгаар ж.б